Баткенде эки килограмм героин ташып жүргөндөр кармалды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын көмүскө базардагы болжолдуу баасы 1 миллион сомду түзөт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Узак убакыт бою көзөмөл жасалып, пландалган операциянын жыйынтыгында Баткен облусунун Баткен — Лейлек автожолундагы "Төрт-Көл" кафесинен BMW-525 үлгүсүндөгү машина айдап жүргөн 31 жана 40 жаштагы эки тургун кармалган. Бул тууралуу маңзатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Машинаны тинтүү учурунда салмагы 2 килограмм болгон героин табылган. Анын көмүскө базардагы болжолдуу баасы 1 миллион сомго чейин жетет.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, буга тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0