Боом капчыгайында таш кулап, жолдун жарымын тосуп калды

© flickr.com / Martin AbegglenТаш кулоо белгиси. Архив
Таш кулоо белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге жол тазалоочу атайын техника чыгып кетти. Унаалар кезек-кезеги менен өтүүдө.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Боом капчыгайында таш кулап, унаа жолунун жарымын тосуп калды. Бул тууралуу окурман WhatsApp канал аркылуу кабарлады.

Бул маалыматты Тоң райондук ички иштер башкармалыгы тастыктап, Балыкчыдан Бишкекке кеткен жол тилкесинин жарымы таштар менен тосулуп, ал эми Бишкектен Балыкчыга кеткен тилкеси ачык экенин кошумчалады. 

"Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 130-чакырымында (Боом капчыгайы) таш кулап, жолдун жарымын тосуп калды. Кайгуул милиция кызматкерлери унааларды кезектеп өткөрүүдө. Андан башка техника көзгө учурай элек", — деп айтылат маалыматта.

Талас дарыясынын суусу эки эсе көбөйүп, үйлөрдү каптады. Жеринен алынган - Sputnik Кыргызстан
Талас дарыясынын суусу эки эсе көбөйүп, үйлөрдү каптады. Жеринен алынган кадрлар
Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги окуя жолдун 128-чакырымында болгонун белгилеп, ураган таштардын көлөмү 500 куб метрди түзөрүн билдирди. Маселени чечүү үчүн атайын унаалар окуя болгон жерге жөнөп кеткен.

Кандайдыр бир өзгөчө окуяга, жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0