Газ ташуучу унаанын жарылышынан күйгөн алтынчы жаран каза болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкекте газ ташуучу унаанын жарылган жайда. Архив
Бишкекте газ ташуучу унаанын жарылган жайда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркум оорукананын реанимация бөлүмүндө оор абалда дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте газ ташуучу унаанын жарылуусунан күйүк алган алтынчы жаран каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү газ ташуучу унаа жарылып, андан 10 киши жабыркаган. Күйүп калгандардын алтоо оор абалда №4 оорукананын реанимациясына жаткырылган. Буга чейин беш жабырлануучунун каза болгону маалым болгон.

"Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда эртең менен 30 жаштагы Калыбек уулу Орозокалыбек алган жараатынан каза болду. Анын денесинин 70 пайызын күйүк алган", — деп айтылат маалыматта.

Маркум оорукананын реанимация бөлүмүндө оор абалда дарыланып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0