БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарынын токой чарбасына караштуу Суук-Дөбө жайлоосунда 16-июнда чагылган түшүп, 120 кой кырылып калган. Бул тууралуу ӨКМдин Аксы райондук бөлүмүнүн башчысы Замирбек Дүйшөбаев билдирди.
Окуя Аксы районун тургуну Анарбек уулу Жахангир аталган жайлоодо Шамалды-Сай шаарчасынын тургундарынын койлорун кайтарып жүргөндө болгон. Чабан чагылган тийген койлордун баарын мууздап, кардын жарып чыккан.Окуя Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары жана Аксы районунун чектешкен жеринде болгондуктан, аталган аймактардын жарандык коргонуу комиссиялары тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.
"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 16 жаштагы кызга "жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм" деп опузалап 300 миң сом талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, райондук милицияга 43 жаштагы аял кайрылып, декабрь айынан бери кызынын сүрөттөрүн интернетке чыгарам деп ири суммада акча өндүрүп алган адамга чара көрүүнү суранган.
Шектүү өспүрүм кызды коркутуп, үйүндөгү 300 миң сомдук алтын буюмдарын саттырып, акчасын коротуп жибергени белгилүү болгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Базар-Коргон районунун 21 жаштагы тургуну кармалган.
Ал жасаган ишин толугу менен мойнуна алган. Соттун чечими менен үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика Кайратованын чоң кызы Айыманын да мойнунун омуртка сөөктөрү сынганы аныкталды. Бул тууралуу ырчы өзү Instagram баракчасына жазды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ал кыргызстандыктардан кызынын батыраак айыгып кетишин тилеп, дуба кылып коюуну сурап кайрылган.
"Айламды таппай турган кезим. Кызым белим дей берип, моюндун омуртка сөөктөрү сынганын эми көрүп жатабыз. Бир капталы кыймылдабай жатат. Элим, дуба кылалы, Аллахтан жардам, сиздерден жардам сурайм! Ушундай колдоо керекте жалгызсыратпаңыздар, суранам!" — деп кайрылды Кайратова.
Эске салсак, Анжелика Кайратова 23-январдын таңында Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Автоунаасында өзү менен кошо үч кызы болгон. Дарыгерлер беш жаштагы кызынын эки бутунун тең кашка жиликтери сынып, ырчынын өзүнүн омурткалары жабыркаганын айткан. Экөөнө тең операция жасалган. Ал эми эки кызынын абалы туруктуу экени кабарланган болчу.