Жер алып берем деп 800дөн ашуун кишини сызга отургузган шылуун кармалды

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЧөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив
Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Нурлан Үсөнов кармалып, аны эки айга камакка алуу чечими чыккан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкекте жер алып берем деп алдап 800 кишини сызга отургузуп кеткен Нурлан Үсөнов аттуу жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандын үстүнөн алгач Бишкектин 46 жаштагы тургуну арыз жазган. Анын айтымында, Үсөнов былтыр 17-март күнү "Нур-Күч" деп аталган коомдук уюмдун кеңсесинен бир айдын ичинде Новопокровка айылынан жер тилкесин алып берем деп 400 доллар алган. Бирок арыз ээси ушу күнгө чейин же акчадан, же жерден жок калган.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди 60 миң долларга алдап кеткен шылуунга кылмыш иши козголду
Бул маалымат Октябрь ИИБ тарабынан каттоого алынып, Кылмыш жаза кодексинин 166-беренесинин (шылуунчулук) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка шектүү катары 38 жаштагы Нурлан Үсөнов кармалып, аны эки айга камакка алуу чечими чыккан.

Аталган ишти териштирүү маалында Үсөновдун үстүнөн 16 киши арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, жер алып берем деп алдап дагы 800 кишиден акча алганы аныкталган.

Учурда тергөө амалдары уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0