Ат-Башыда жүк ташуучу унаасын оңдоп жаткан ээси кыпчылып калып каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖүк ташуучу унаа жана айдоочу. Архив
Жүк ташуучу унаа жана айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл тургуну рама менен дөңгөлөктүн ортосуна кыпчылып калган. Куткаруучулар Сагалиевдин жансыз денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы айылынын тургуну Renault Magnum үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын оңдоп жатып, рама менен дөңгөлөктүн ортосуна кыпчылып каза тапкан. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, маркум 43 жаштагы Бактыбек Сагалиев аттуу жаран экени аныкталды.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар Сагалиевдин жансыз денесин алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0