Ысык-Атада 54 жаштагы жаран көлмөгө чөгүп кетти

Жазылуу
Ахмедовдун сөөгүн куткаруучулар суудан алып чыгып, Ысык-Ата РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Ысык-Ата районунун "Энергетик" дачасындагы көлмөгө түшүп кеткен 54 жаштагы Фархат Ахмедовдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ саат 18.00дө болгон. Маркум аталган райондун Жер-Казар айылынын тургуну экени белгилүү болду. 

Ахмедовдун сөөгүн куткаруучулар суудан алып чыгып, Ысык-Ата РИИБ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0