Алматыда кырсыктаган кыргыздар: төрт баласы менен энеси өлүп, атасы оор абалда

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүКоляска. Архив
Коляска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдардын атасы болгон айдоочунун абалы оор. Дарыгерлер ага тез арада операция жасоо керектигин белгилеп жатышат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Алматыдагы кырсыктан каза болгондор бир үй-бүлө экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Приозерск шаарынын борбордук ооруканасынын директору Нурлан Шагиров билдирди. 

Эскерте кетсек, кырсык Алматы — Астана унаа жолунун 385-чакырымында, башкача айтканда Алматы, Жамбыл жана Караганда облустарынын чектешкен жеринде болгон. Мында Mercedes Vito микроавтобусу менен Setra үлгүсүндөгү автобус кагышып кеткен.

Дарыгердин айтымында, учурда аталган үй-бүлөнүн ээси болгон айдоочунун абалы оор. Жабырлануучуга тез арада операция талап кылынууда. 

"Айдоочу оор абалда Балхаш шаардык ооруканасына жөнөтүлдү. Учурда Приозерск шаарынын борбордук ооруканасында үч жабырлануучу дарыланууда. Анын бирөөсүнүн акыреги сынып, абалы оор. Ага операция жасоо керек. Ал эми калган экөөнүн мээси чайкалган. Алардын абалы канааттандырарлык", — деди Шагиров.

Ал кырсыкка кабылган унаанын ичиндеги аял бир баласы менен окуя болгон жерде жан берсе, эки бала жолдо каза болуп, дагы бир кыз ооруканага келип көз жумганын белгиледи. 

Ал эми КРдин Тышкы иштери министрлиги кырсыктан көз жумгандардын туугандык байланышы бар экенин тастыктай элек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0