Бишкекте кагышкан кайгуул милициясынын унаасы жана Жигули

Бишкекте Кайгуул милициясынын унаасы "Жигули" менен кагышты

163
(жаңыланган 21:36 24.06.2016)
Орозбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Кайгуул милициясынын унаасы менен «Жигули» сүзүшүп кетти.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкектин Орозбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Бишкектин Орозбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды
    Бишкектин Орозбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды
    © Sputnik / Актан Темирканов
  • Окуя болжол менен саат 20.30да болгон
    Окуя болжол менен саат 20.30да болгон
    © Sputnik / Таалай Ороскулов
  • Милиция кызматкерлеринин айтымында, алар Орозбеков көчөсү менен бара жатып, светофордун жашыл жарыгы күйгөндө Фрунзе көчөсүнө бурулушкан
    Милиция кызматкерлеринин айтымында, алар Орозбеков көчөсү менен бара жатып, светофордун жашыл жарыгы күйгөндө Фрунзе көчөсүнө бурулушкан
    © Sputnik / Актан Темирканов
  • Дал ошол маалда каршы тилкеде келе жаткан Жигули унаасы менен сүзүшүп кеткен.
    Дал ошол маалда каршы тилкеде келе жаткан "Жигули" унаасы менен сүзүшүп кеткен.
    © Sputnik / Таалай Ороскулов
1 / 4
© Sputnik / Актан Темирканов
Бишкектин Орозбеков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды

Окуя болжол менен саат 20.30да болгон.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, алар Орозбеков көчөсү менен бара жатып, светофордун жашыл жарыгы күйгөндө Фрунзе көчөсүнө бурулушкан. Дал ошол маалда каршы тилкеде келе жаткан "Жигули" унаасы менен сүзүшүп кеткен. Бул боюнча протокол түзүлдү.

163
Белгилер:
Жигули, милиция, унаа, Бишкек
Тема боюнча
Алматыда кырсыктаган кыргыздар: төрт баласы менен энеси өлүп, атасы оор абалда
Жалал-Абадда Көлдөгү мелдешке бараткан мугалимдер кырсыкка учурап, бири каза болду
Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалар

Милиция Баткенде кармалган тажикстандык фуралардагы жүктү көрсөттү. Сүрөт

173
(жаңыланган 12:53 12.05.2021)
Милициянын берген маалыматы боюнча, бул автоунаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылат.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде кармалган тажик жарандарынын оор жүк ташуучу унаалары Россиядан келе жатканын облустук милиция билдирди.

ОИИБдин маалымат кызматы фуралар турмуш-тиричилик үчүн колдонулган күнүмдүк керектелүүчү буюмдарды жүктөп баратканын көрсөтүп, сүрөтүн жарыялады.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Автоунааларды ички иштер органынын кызматкерлери коштоп бара жаткан.

Милиционерлер фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Тажик жарандарынын коопсуздугу үчүн коштоп баруу чечими кабыл алынганы айтылган. Бул жүк ташыган унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмашылары белгиленди.

173
Белгилер:
милиция, буюм, фура, Баткен облусу
Тема боюнча
Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
ИИМ кызматкерлери. Архив

Тажикстандын фураларын коштогон милиционерлерге карата териштирүү башталды

121
(жаңыланган 12:40 12.05.2021)
Кечээ тажик жарандарынын үч фурасы Баткен шаарынын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган болчу.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткенде Тажикстандын жүк ташуучу унааларын коштоп жүргөн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата кызматтык териштирүү башталды. Бул туурасында Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-майда, тажик жарандарынын үч фурасы шаардын кире беришинде жергиликтүүлөр тарабынан токтотулган. Ошол учурда аны коштоп келе жаткан ИИМ кызматкерлери жарандар менен урушуп, сөгүнүп-сагынган видеосу тараган.

"Фуралар эл тарабынан токтотулганда ички иштер органдарынын айрым кызматкерлери жарандарга орой мамиле жасап, жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видео соцтармакка тарап, милициянын беделине шек келтирди. Кызматкерлер жүрүм-турум нормаларына туура келбеген жагдайларды жараткандыгы үчүн ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүүлөр башталды. Анын жыйынтыгы менен тартиптик чара көрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Милиционерлер аталган фураларды Оштон Баткен облустук милициясынын унаа токтотуучу жайына алып баратканын билдиришкен. Жүк ташуучу унаалар Тажикстанда кармалып турган кыргызстандыктардын жети фурасы менен алмаштырылары айтылган.

121
Белгилер:
милиция, териштирүү, Жаңжал, фура, Тажикстан
Тема боюнча
Милиция: Баткенде кармалган Тажикстандын 3 фурасы кыргыздардыкына алмаштырылат
Лейлекте чек ара чырында уурдалган 16 унаанын үчөө Тажикстандан кайтарылды
Медициналык кызматкер COVID-19 каршы Sinopharm вакцинасын дарядап жатат

Кыргызстан 20 млн. долларга Кытайдын Sinopharm вакцинасын сатып алат

0
Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражатка препарат сатып алуу чечими кабыл алынган.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк бөлө турган 20 миллион долларга Кыргызстан Кытайдын коронавируска каршы Sinopharm вакцинасын сатып алат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" билдирди.

"Кечээ күнү Дүйнөлүк банк жана донорлор менен кенен чөйрөдө онлайн-конференция болду. Алар бизге ДССУнун тизмесинде турган вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар бөлөт. Биз тизмедеги вакциналарды тандап алууга укугубуз бар, Россиянын "Спутник V" вакцинасы ал тизмеде жок. Бирок Кытайдын Sinopharm препараты бар. Андыктан ошону сатып алабыз", — деди Бейшеналиев.

Кечээ Дүйнөлүк банк жакынкы айларда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган коронавируска каршы вакцинаны сатып алууга 20 миллион доллар берери белгилүү болгон.

0
Белгилер:
Алымкадыр Бейшеналиев, сатып алуу, вакцина, Sinopharm, дүйнөлүк банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет
Министр: жакында "Спутник V" вакцинасынын дагы 20 миң дозасы келет