Майлуу-Суу шаарында үйүндө курал-жарак сактаган жаран кармалды

© Фото / пресс-служба УВД Джалал-Абадской областиМайлуу-Суу шаарынан жергиликтүү тургундун үйүнөн табылган курал-жарактын топтому
Майлуу-Суу шаарынан жергиликтүү тургундун үйүнөн табылган курал-жарактын топтому - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция "ТОЗ" үлгүсүндөгү бир нече курал — тапанча, окторду таап чыгып, учурда тергөө амалдарын баштады.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынан жергиликтүү тургундун үйүнөн курал-жарактын топтому табылып, үй ээси кармалганын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган тургун үйүндө курал-жарак сактай турганы боюнча ыкчам маалымат келген. 24-июнда атайын операция жүргүзүлгөн.

"Жалал-Абад ОИИБдин изкубарлары "Бандит" операциясы учурунда Майлуу-Суу шаарынын 1953-жылы туулган тургунунун үйүнөн күбөлөрдүн катышуусунда, облустук соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзгөн учурда куралдардын топтому табылды", — деп айтылат маалыматта.

Милиция "ТОЗ" үлгүсүндөгү бир нече курал — тапанча, окторду таап чыгып, учурда тергөө амалдарын баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0