Зер дүкөндөгү 8 млн. сомдук сөйкө-шакектерди алып кеткен каракчы торго түштү

© Sputnik / Игорь Катаев / Медиабанкка өтүүСөйкө-шакектер. Архив
Сөйкө-шакектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери март айынан бери уланып келе жаткан.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. "Дордой" базарында жайгашкан зер дүкөндү карактап кеткен жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 14-мартында болгон. Чак түштө болжол менен 25-30 жаштардагы беткап кийген белгисиз адамдар сатуучуну тапанча менен коркутуп, 50 миң сомун жана 7 миллион 945 миң 100 сомдук кымбат баалуу жасалгаларды алып кетишкен.

"Каракчылар дүкөндөн төрт планшет, 216 алтын шакек, 108 сөйкө, алтын билериктерди алып кетишкен", — деп айтылат билдирүүдө. 

Аталган кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун 30 жаштагы тургуну кармалды. Милиция кызматкерлери анын буга чейин соттолуп чыкканын аныктады. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0