Балык уулаганы барып Балхашка чөгүп кеткен КР жараны изделип жатат

© AFP / ANTOINE LAMBROSCHINIБалхаш көлү. Архив
Балхаш көлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык мындан үч күн мурун болгон. Куткаруучулар 2-июлдан бери издөө иштерин жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Мындан үч күн мурун, 1-июлда Балхаш көлүнө чөгүп кеткен кыргызстандык жаран ушу кезге чейин изделип жатканын ӨКМ билдирди.

Канал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто эки жашар бөбөк сууга чөгүп кетти
Маалыматка ылайык, Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Миң-Арал айылындагы Балхаш көлүнө Бишкектин 11 тургуну балык уулаганы барган. Алардын ичинен 29 жаштагы Максим Пивоваров дайынсыз жок болуп кеткен. Ал кайык менен көлдүн ортосуна чейин барганы айтылууда.

Кырсык тууралуу маалымат келгенден кийин ал жерге Казакстандын Караганда облусунун 4 куткаруучусу издөө иштерин жүргүзүп табышкан эмес. 

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0