Бишкекте лотерея жайы тонолду

Жазылуу
Кылмышка шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ага карата кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Бишкектин борбордук Чүй проспектисинде жайгашкан "Лотерея-37" уюму тоноого кабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Окуя 4-июлда саат 4:20 чамасында болгон. Беткап кийген каракчы кассирди курал менен коркутуп 32 500 сомго жакын каражатты алып кеткен.

"Кайгуул милициясынын кызматкерлери ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, натыйжада шектүү катары "Келечек" жаңы конушунун 25 жаштагы тургуну кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0