Энесиндей болгон аялды сабаган кыз кармалды

Жазылуу
Колго түшкөн кыз Аламүдүн райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө иштери уланууда.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Энесиндей болгон аялга кол көтөргөн жаш кыз кармалгандыгы тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Билдирмеге караганда 4-июлда Восток айылынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 3-июль күнү 23.30 чамасында бейтааныш кыз эч бир себепсиз аны сабап кеткенин айткан. 

"Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн кыз Аламүдүн райондук тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тергөө иштери уланууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0