Бишкекте өзүн өзү бычактап, жипке асынып, дары ичкен үч киши аман калды

Жазылуу
Окуялар шаардын ар кайсы бурчунда катталган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкекте бир сутканын ичинде үч адам өзүн өзү өлтүрүүгө аракет жасагандыгы тууралуу Тез жардам кызматынан билдиришти. 

Биринчи окуя бейшемби күнү эртең менен болгон. 

"18 жаштагы бишкектик жаран бычак менен өз колун кескилеген. Медицина кызматкерлеринин айтымында бала стресске кабылган. Анын себептери айтылбайт", — деп Тез жардам кызматынан билдиришти. 

Экинчи окуя "Дордой-2" жаңы конушунда болгон. 

Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абадда милиционер өз өмүрүнө кол салган 22 жаштагы келинди сактап калды
"Анда 34 жаштагы жаран асынып өлүүгө аракет жасаган. Бирок аны жиптен убагында бошотуп калышкан. Медицина кызматкерлери жаран мас абалда болгонун билдирди. Ал ооруканага баруудан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта. 

Ал эми үчүнчү окуя 35 жаштагы аялга байланыштуу. 

"Бишкектеги Ленская көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде 35 жаштагы аял дары ичип алган. Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, аман калды", — деп 103 станциясынан билдиришти. 

Өмүрү сакталып калган аял ооруканага баруудан баш тарткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0