Көлдүн Ак-Суу районунда жааган мөндүр 55 млн. сомдук зыян алып келди

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдүн Ак-Суу районунда жааган мөндүрдүн кесепети
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жааган мөндүрдүн кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай жаан аталган районго акыркы жолу төрт жыл мурун жааганы маалымдалды.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда жааган мөндүр 55 миллион сомдук зыян алып келди. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 1-июлдан 2-июлга караган түнү нөшөрлөгөн жаан менен мөндүр жаап, жашылча-жемишти кагып кеткен.

Бүгүн, 9-июль күнү өкмөттүн өкүлү Асхат Акибаев мөндүрдөн жабыр тарткан Боз-Учук, Ак-Чий жана Ак-Булуң айылдарын кыдырып чыкты.

"Маалыматка ылайык, жалпы жонунан 266 гектарга айдалган арпа, 263 гектарга тигилген картошка, 1132 гектарга айдалган буудай жана 26 гектардагы көп жылдык чөптү жарактан чыгарган", — деп айтылат билдирүүдө.

"Аталган айылдар климаттык шарттардан улам совет мезгилинде эле кооптуу аймак тизмесине киргизилген. Биз бул айылдарды кайрадан ушул тизмеге киргизүү маселесин көтөрөбүз. Мында жергиликтүү дыйкандарга түшүм алынбай калган жылдары жеңилдиктерди берүү каралат", — деди Акибаев.

Катуу жаан бул аймакка акыркы жолу 2012-жылдын 29-июнунда жааган.

Жаңылыктар түрмөгү
0