Казакстандын жарандары Кыргызстандын паспорту менен Сирияга кетүүгө аракет кылышкан

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияга жасалма паспорт менен кетүүгө аракет кылган топтун эң жашы 20 жашта болсо, улуусу 57 жашта болгон.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Февраль айында Сирияга кетүүгө аракет кылган учурда кармалган Актөбөлүк экстремисттердин тобуна жакын арада соттун өкүмү чыга турганын Новости-Казакстан агенттиги жергиликтүү басылмага шилтеме берүү менен билдирди.

Автомат кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биздикилерби? Дүйнө Кыргызстандан чыккан террористтерди кеп кылган беш учур
Алынган маалыматтарга ылайык, соттолуп жаткандар 2016-жылы 19-февралда аялдарын жана балдарын алып Өзбекстан менен Кыргызстандын паспорту менен чек арадан өтүп, Түркияга учууга аракет кылышкан. Андан ары алар башка кишилердин коштоосунда Иракка өтүшмөк. Алар жолдун толук картасын интернеттеги "Телеграмм" тиркемеси аркылуу бейтааныш кишилерден алган.

Алардын ижарага алган "Мерседес" үлгүсүндөгү автобусту Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү токтоткон убакта ичиндеги жүргүнчүлөр Сириядагы туугандарыныкына кетип баратканын айтышкан. Текшере келгенде айрымдарынын чындап эле Сирияда туугандары жашай турганы аныкталган.

Сирияга жасалма паспорт менен кетүүгө аракет кылган топтун эң жашы 20 жашта болсо, улуусу 57 жашта болгон. Соттолуп жаткандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун башчысы Аби Бакр аль-Багдадинин Интернеттеги чакырыктарын угуп, ага ант берип, анын жоокерлеринин катарында согушууну пландашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0