Чаламандын чак түшүндө тапанча такап, 19 жаштагы баланын акчасын тартып алышкан

Жазылуу
Окуя Бишкектеги Ахунбаев — Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Ага шектелип, 19-20 курактагы балдар кармалып, тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Борбор калаада үч бала пневматикалык тапанча менен көчөдөн өтүп бара жаткан жаранды коркутуп, 150 сомун тартып алган. Бул туурасында Бишкек милициясынан кабарлашты. 

Тартип коргоочуларга 19 жаштагы жаран кайрылган.

"Ахунбаев — Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен 18-20 курактагы балдар тапанча такап, бейтааныш баланын 150 сомун тоноп кеткен",— деп айтылат маалыматта.

Милиция 19 жаштагы эки, 20 жаштагы бир бала кармалганын жана учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0