ӨКМ: Кант менен Сокулукта мүрзөлөрдүн аймагындагы чөптөр өрттөнгөн

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сутка ичинде республиканын аймактарындагы жеке үйлөрдүн короолоруна, сарайларга жыйылган чөптөрдүн күйгөн фактылар арбын катталган.

БИШКЕК, 12-июл. —Sputnik. Кечээ, өлкө аймагы боюнча 17 өрт кырсыгы болуп, алардын арасында тааладагы чөптөрдөн тарта мүрзөлөргө чейин күйгөн учурлар катталган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. 

"Кант шаарына жакын жерде христиан мүрзөсүндө болжол менен 1 гектарга чукул аймактагы, ал эми Сокулуктун Түз айылына жакын жерде мусулман мүрзөсүндө болжол менен 3 гектарга чукул куураган чөп күйгөн",— деп кабарлады маалымат кызматы.

ӨКМ алардын себептери такталып жаткандыгын билдирди.

Буларда сырткары сутка ичинде республиканын аймактарындагы жеке үйлөрдүн короолоруна, сарайларга жыйылган чөптөрдүн күйгөн фактылар арбын катталган. ӨКМ алардын көптөрү копсуздук эрежелерин сактабай жана этият мамиле кылбагандыктан келип чыккандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0