Балыкчы — Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан аял каза таап, төртөө жаракат алды

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кырсыкка кабылгандардын тек-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата унаа жолундагы кырсыктан улам бир адам каза таап, төртөөсү жаракат алгандыгы тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда Тамчы айылында Mersedes менен Audi үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышып кеткен.

"Каза тапкан бир аял менен жаракат алган төрт жарандын тек-жайы такталып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Жабыркагандарды Тез жардам кызматы алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0