Кара-Буурада 24 жаштагы тургун суу сактагычка чөгүп кетти

© flickr.com / Marcin ChadyАрык. Архив
Арык. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык 12-июлда кечки саат 6:30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылынын 24 жаштагы тургуну айылдагы суу сактагычка чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Кырсык 12-июлда кечки саат 6.30дар чамасында болгон. Болжол менен 3,5 сааттан кийин айылдаштары тарабынан анын сөөгү суудан чыгарылып, туугандарына тапшырылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл башынан бери канча киши сууга чөгүп кеткенин маалымдады. Ага ылайык, Чүй облусунда сууга чөгүп каза болгондордун саны башка аймактарга караганда бир топ көп.

Жаңылыктар түрмөгү
0