Жайылда КамАЗ автоунаасы өрттөнүп, 1200 түк чөп кошо күйдү

Жазылуу
Кырсыктан улам үч жаран биринчи даражадагы күйүк алышкан.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жайыл районуна караштуу Ново-Николаевка айылында өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Кечээ жыгач устундуу шифер жабылган 100 чарчы метр аянттуу бастырма, 1200 түк чөп жана КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаа өрттөнүп кетти. 

"Кырсыктан 20 жаштагы эки жана 21 жаштагы бир жаран I даражадагы күйүк алышкан", — деп белгиленет маалыматта. 

ӨКМ өрткө электр жабдууларын пайдаланууда коопсуздук эрежелеринин бузулушу себеп болгондугун билдирди. 

Маалыматта жабыркагандардын бардыгы медициналык жардам алуудан баш тарткандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0