Бишкектин "Мадина" базарында чыккан өрт өчүрүлдү

© Sputnik / Данияр СандыбаевПожарная машина на на рынке "Мадина"
Пожарная машина на на рынке Мадина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт тууралуу билдирүү аларга саат 10:09да келип түшүп, кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү атайын машина иштеген.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектеги "Мадина" базарында чыккан өрттүн өчүрүлгөнүн ӨКМдин өкүлү Нурлан Ташмамбетов билдирди.

Анын айтымында, өрт тууралуу билдирүү аларга саат 10:09да келип түшкөн.

"Базардагы кездеме саткан контейнерлер күйгөн. Учурда өрттын чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда", — деди Ташмамбетов.

Ал ошондой эле өрттүн жайылуу аймагы саат 10.35те чектелип, 11:15те толугу менен өчүрүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0