Россияда кырсыктап каза болгон кыргыздардын бирөө 19, экинчиси 30 жашта болуп чыкты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы адам. Архив
Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 13-июлда болжол менен саат 12.20да болгон. 7 кишилик Toyota Estima үлгүсүндөгү автоунаа ала салып кеткен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Россиянын Саратов облусунун Ершов районунда жол кырсыктан КРдин эки жараны каза болуп, төртөө жаракат алганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тастыктады.

Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчы — Чолпон-Ата жолундагы кырсыктан аял каза таап, төртөө жаракат алды
Буга чейин Россиянын полициясы өздүк булактарына таянып, жол кырсыгына кабылгандар Москадан Кыргызстанга кетип бара жатканда кырсыкка учурганын маалымдаган

Элчиликтен кабарлашкандай кырсык болгон жерде медициналык жардам келгиче 30 жана 19 жаштагы эки кыргыз каза болгон. Андан сырткары төрт киши түрдүү жаракаттарды алып Ершов райондук ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер алардын абалын канааттандырарлык деп баалашууда. Ал эми башка эки жүргүнчү жабыр тарткан эмес.

Бул маселе боюнча КРдин Россиядагы элчилиги иш алып барууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0