Сейсмограф аппараты. Архив

Кыргыз-кытай чек арасында 4 баллдык жер силкинүү катталды

48
(жаңыланган 09:56 18.07.2016)
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген эмес.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Сейсмология институтунан билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силкинүү дүйшөмбүдө таңкы саат 06:12де катталган.

Эпицентр Каракол калаасынан түштүк-чыгышты көздөй 130 чакырым аралыкта жайгашып, аталган шаарда 2 баллга жеткен.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келген эмес.

48
Белгилер:
жер титирөө, кырсык
Тема боюнча
Алай районунун бир нече айылдарында жер титиреп, күчү 4 баллга жетти
Нью-Йоркто музейге келген бет капчан балдар. Архивдик сүрөт

ЖМК: АКШда балдар массалык түрдө RSV вирусун жуктуруп жатат

69
(жаңыланган 14:18 19.09.2021)
Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Вашингтондогу балдарды кабыл алган эки оорукана респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) жуктуруп алгандардын саны көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу Washington Post жазды.

Дарыгерлердин айтымында, инфекция көбүнчө дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолот. Ал айрым учурда дем алуунун кыйындашына, бронхиалит оорусуна, тагыраагы, кекиртек бутактарынын өпкө менен кошулган жерин сыртынан эмес ичинен жабыркатат.

Ооруга чалдыккандардын саны көбүнчө кыш мезгилинде көбөйө турганы, бирок учурда бейтаптар адаттагыдан көп болуп жатканы да белгиленди.

Дарыгерлер RSV вирусунун өсүшүнө COVID-19 пандемиясы таасир эткенин айтышкан. Өткөн кышта массалык иш-чараларга тыюу салынганына байланыштуу респиратордук-синцитиалдык вирус менен сезондук сасык тумоо өтө аз катталганын да билдиришкен. Анткен менен айрым чаралар жумшартылгандан кийин марттан бери дельта-штаммы менен эле жарыш өскөн.

АКШнын борборунда жайгашкан Балдардын улуттук госпиталынын статистикасы боюнча, жандандыруу бөлүмүндө RSV чакырган бронхиолит менен ооругандар коронавируска караганда эки эсе көп.

Өз кезегинде педиатр Дэн Финкельштейн ата-энелерди аталган вирус менен коронавирус инфекциясынын байланышы тынчсыздандырып жатканын айтат. Медиктин айтымында, RSV мурдагыдай коркунучтуу эмес, ак халатчандар эми экөөнү тең дарылоону колго алмакчы.

Американын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, бир жашка чейинки балдар көбүнчө RSV вирусунан пневмония болот. Инфекция өпкөгө терең киргенде бейтаптардын дем алуусу кыйындайт, бул учурда ооруканага жаткырып, кычкылтек бет кабын тагып жүрүшөт.

69
Белгилер:
АКШ, вирус, оору, балдар
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Путин коронавирустан улам обочолонуп иштөөгө өттү
Кытайда коронавирустун жаңы түрүнүн очогу пайда болду
Ооруканадагы медиктер. Архивдик сүрөт

COVID: 69 киши ооруп, эки адам көз жумду. 19-сентябрдын маалыматы

65
(жаңыланган 10:28 19.09.2021)
Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча коронавирус менен 1 475 адамдын үйүндө жана ооруканада дарыланып жатканы кабарланды.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 69 кишиден коронавирус аныкталып, эки бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 41;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу - 3;
  • Нарын облусу - 4;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 4.

Өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 177 722ге жетип, анын ичинен 172 189 киши дартты жеңген.

"Кечээ оору эки бейтаптын өмүрүн алган. Алар COVID-19га каршы эмдөө албагандар арасынан катталды", — деп билдирди штабдан.

Ушуну менен коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2 588ге жетти.

Стационарда 594 жана амбулатордук шартта 881 адам дарыланып жатканы кабарланды.

65
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, статистика
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус
Тема боюнча
Медик: коронавирустан ооруп айыккандарга шиш така кийүү кооптуу
АКШ президенти Жо Байден. Архивдик сүрөт

Согуш отун тутантпасын деп… АКШ президентинен өзөктүк баскычты алып коюшту

0
(жаңыланган 20:02 19.09.2021)
Быйыл январда Америка Кошмо Штаттарынын мыйзамдуу шайланган президенти америкалык өзөктүк куралды көзөмөлдөгөн эмес. Мындай чуулгандуу жаңылыкты жарым кылым оболу президент Никсонго "Уотергейтти" уюштурган айтылуу журналист Боб Вудворд жарыялады.

Жакында эле жарык көргөн "Тобокелдик" ("Peril") китебинде журналистиканын 78 жаштагы патриархы АКШнын Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы Марк Миллинин сөзүн келтирет. Айтымында, ал 6-январдагы окуядан соң Трамп кетеринде бир чуу салып кетет деп катуу чочулап, өзөктүк сокку уруу жөнүндөгү чечим кабыл алуу алгоритмин өзгөрткөн. Ошол билдирүү жана Кошмо Штаттардын өзөктүк курал жаатындагы жагдайга Виктория Никифорова баам салган.

Мыйзамга ылайык, АКШ президенти аскер жетекчилери, эң оболу Штаб жетекчилеринин бириккен комитетинин төрагасы менен консультация өткөргөн соң өзөктүк ракеталарды коё берүү жөнүндө буйрук берет. Аскерлердики кеңеш берүүчү гана добуш. Бирок Милли офицерлерди бул жааттагы Трамптын бардык буйруктары алгач ага маалымдоону буюрган, андан ары эмне кылышты өзү чечмек.

Бул аз келгенсип Трампка кабарлабастан генерал Милли өзүнүн кытайлык кесиптешине – Борбордук аскердик кеңештин Бириккен штабынын жетекчиси Ли Цзочэнго телефон чалып, кокус бир нерсе болуп кетсе кабатырланбоону өтүнгөн. "Эгер биз сиздерге кол сала турган болсок, генерал Ли, мен сизге кабарлап коём. Бул күтүүсүз болбойт", – деген ал.

Ушул тапта республикачылар жана демократтар ошол телефон чалуу мамлекетке чыккынчылык акты болгонбу же жокпу деп кызуу талкуулап жатышкан чагы. Кошмо Штаттардын мамлекеттик башкаруу тутумунда чындап эле баары чиеленишип калды, демократтар "сиздер түшүнбөй турасыңар, бул бөлөк!" деп кыйкырышат. Баарынан кызыгы көпчүлүк аларга кулак салып, ынанып да жаткандыгында.

Байдендин келиши менен кырдаал жакшыра түштүбү? Анткен жери жок. Афганистан туурасында суроолорго жооп алуу үчүн АКШнын башкы командачысын конгресске чакырышкан. Бирок Байдендин башка иштери чыгып калыптыр. Конгрессмендердин алдында ал үчүн жагдайдан таптакыр кабары жок мамлекеттик катчы Блинкен "соккуга калды".

"Деги бизде ким баарына жооп берет? Ким чечим кабыл алат?" — деп сурады андан сенатор Риш. Ал Калифорниядагы өрт боюнча кызмат өкүлдөрү менен жолугушуусунун эң кызуу жерине келгенде президенттин сөзүн эфирден кесип салышканын Блинкендин эсине салды.

Өлкөнүн Башкы штабынын жетекчиси башка мамлекеттин башкы штабындагы жолдошуна телефон чалып: "Кабатыр болбо, кокус силерди жардыра турган болсок, кабарлап коём" дегени да чындап эле кызык, анан да күдүк ойлорго түртпөй салбай койбойт.

Кошмо Штаттар кадимки, өзөктүк, биологиялык жана химиялык курал кору боюнча айныгыс чемпион эмеспи. Сүйлөп жаткан эфирин өчүрүп сала алышкан карыя жолбашчы ушул тапта дүйнө жүзүндө эң күчтүү армияны тескейт.

Анан да АКШнын аскердик машинасы азыр кызыктуу трансформацияны баштан кечирип жаткан чагы. Айрым аналитиктер державанын Афганистандан качышы жана Сауд Аравиясын аскердик колдоодон күтүүсүз баш тартышы тегин жерден эмес дешет. Бул маңызсыз жана баарын жадатып бүткөн "эл аралык террорчулукка каршы согуштун", эл аралык агрессиянын алда канча масштабдуу программасын жүзөгө ашыруу аракетинин аякташы экенин белгилешет.

Rand корпорациясынын маалыматы боюнча, 2014-жылы эле Пентагондо "Үчүнчү калыптануу" (The Third Offset) деп аталган кандайдыр бир табышмактуу планды талкуулоого киришкен. Анда АКШнын негизги аскердик каршылаштары болжол менен күчтөрү бирдей Кытай менен Россия болору камтылган. Аларды жеңүү Америкага жаңы көп полярдуу дүйнөдө үстөмдүктү камсыздап бермек.

Афганистан же Ирак өңдүү кенедей өлкөлөр унутта калып, күчтүн баары кудуреттүү державаларга каршы күрөшүүгө топтоштурулмак. Бул үчүн армия супертехнологиялык болуп, роботторго, жасалма интеллект, космостук технологияларга, кибер күчтөргө ээ болууга тийиш эле. Эмне үчүн "Үчүнчү калыптануу"? Алгачкысы – Корея согушунан кийинки АКШ армиясынын технологиялык кайра жаралуусу. Экинчи катары технологиялык секирик Вьетнамдагы согуштан утулгандан кийинки тирдениши айтылса керек. Үчүнчү калыптануу террорчулукка каршы согуштун аягына пландалган.

Анткен менен андай демилге колдоо тапкан эмес. Бирок 2018-жылы Трамптын тушунда улуттук коргоо стратегиясы кабыл алынган. Кошмо штаттардын башкы душмандары катары анда да дал Кытай менен Россия, ал эми болочоктогу согуштук аракеттердин негизги театры катары Индия жана Тынч океандын акваториясы белгиленген.

"Үчүнчү калыптануу" — чөлдө талибдерди кубалагандай эмес, башка стратегия, бөлөкчө курал, башка суммадагы каражат. Трамптын тушунда Пентагондун бюджети 700 миллиард доллардан ашып кеткен.

Байден 2022-жылга аскердик багытка 753 миллиард бөлгөнү турат. Болгондо да анын жүз миллиарддан ашууну аскердик жаңы технологиялардын флагманына, тагыраагы, АКШнын Коргоо министрлигинин келечектүү изилдөөлөр башкармалыгына берилет. Кибер күчтөр 10,4 миллиарддан көбүрөөк каражат алат. Ошол ири планда эбегейсиз роль жасалма интеллектке жүктөлгөн. Google аянтчасынын ээси Эрик Шмидт, Palantir платформасынын кожоюну Питер Тиль жана санарип жаатындагы олигархтар Пентагонго өз өндүрүмдөрүн ийгиликтүү сатып келе жатканына бир топ болду. Алар кандай иштейт, ал башка кеп.

Жасалма интеллект бир топ жолу таң калыштуу каталарды кетиргенине дүйнө күбө. Мисалы, 2003-жылы Ирак согушу башталган тушта учкучсуз учурулган америкалык "Патриот" ракеталары жаңылыштык менен адегенде британиялык, андан соң америкалык истребителдерди атып түшүргөн. Алардын учкучтары ошентип кокустуктан шейит болгон. Жакында эле Германиядагы америкалык Рамштайн базасындагы эрте маалымдоо системасы жалган сигнал берген. Дал ошол маалда Балтика деңизинде россиялык Аскер-деңиз флотунун машыгуулары өтүп жаткан эле. Компьютер окуу алкагында ракеталардын коё берилишин чыныгы сокку катары кабылдаган экен. Ошентсе да америкалык өнөктөштөр өзөктүк куралдануу жаатында жасалма интеллектти пайдаланууну пландоодо. Анан калса ракета коё берүү жөнүндө чечим кабыл алуу сымал өтө сезимтал багытында колдонулушу мүмкүн.

Америкалык коргоо жаатындагы басылмалар, ошол эле Rand корпорациясы коркунучту таап, ажыра билүү жана чечим кабыл алууда компьютер кантип ката кетирери туурасындагы ондогон сценарийлерди сүрөттөшкөн. Мисалы, аны атмосфералык өзгөчө көрүнүш деле жаңылтып коё алат. Компьютер аны душмандын ракетасы катары кабылдап, ага өз ракеталарын багытташы ыктымал. Аны байкаган каршылаш тарап чыныгы ракетасын чыгарып, ошентип кыямат-кайыңга кептеп коюшат деп чочулайсың.

Анткен менен демилге улам колдоого татып барат. Жасалма интеллект америкалык өнөктөштөргө түтүн түтөтүп көздөн жазгыруу ыкмасындай пайдалануу үчүн гана керекпи деген ойго эрксизден берилесиң. Ким буйрук берген? Тээтиги компьютер, болгону адашып калыптыр. Анан аягы "Кимди ким көрдү? Быржыбайды там басты" дегендей эле болот. Жоопкерчиликке да тартылчу жан болбойт. Мейкиндикти анча баамдай албаган президент. Керек учурда "терекке чыккан" вице-президент. Алсыздыгы айдан ачык мамлекеттик катчы. Аскерлерби? Генерал Марк Милли америкалык армияны түрлөнтүү жана анда маданий айырмачылыкты сактоого багытталган саясатты жүргүзүү менен алек.

Жасалма интеллектке буйрук берип, андан соң "түпкүрдөгү мамлекеттеги" белгисиз олигархтар тарабынан кабыл алынган чечимди компьютердин катасы деп кутулууну көздөшөбү?

СССРдин курамындагы республикалар өзүнчө бөлүнүп жатышкан 1990-жылдары америкалык өнөктөштөр кандай гана чуу салышпады. Талап-тоноо, өзөктүк куралдын аткезчилиги жөнүндө канча жоромолдорду жайышпады. Алардын эч бири орундалган жок. Советтик цивилизация соңку сыноону татыктуу жеңип, өзөктүк куралын сактап, жалпыга толук коопсуздукту камсыздап берди. Америкалыктардын өз ракеталарына мамилеси да кызык. Кезегинде Билл Клинтондун ракеталарды коё берүү коддорун (сыр сөздөрүн) жоготуп алганы аргасыз эске түшөт. Көпкө издеп убара тартышканы жаңылыктардан маалым. Эгер америкалык элитанын интеллекти ушундай болсо, анда алардын жасалма интеллекти кандай иштейт? Эл аралык коомчулук АКШнын өзөктүк кнопкасынын тегерегиндеги абалга көңүл бурууга учур келгендир...

0
Белгилер:
АКШ, президент, согуш
Тема боюнча
Мунайдын баасы дагы канча убакыт кымбаттайт? Саресеп