Жергиликтүү эл Бишкектин тегерегинен табылган жөргөмүштү кара курт деп айтышууда

© Фото / Мадина НизамоваТабылган кара курт.
Табылган кара курт. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара куртка окшогон жандык болжол менен эки жыл мурда пайда болгонун жергиликтүү тургундар айтышууда.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Петровка айылынын тургуну Мадина Низамова талаада чабылган чөптүн арасынан "кара куртту таап алып жаткандыктарын" Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында айылдыктар кыштын камын көрүп, учурда негизинен талаадан чөп жыйнап жүрүшөт.

"Талаада чабылган чөптү машиналар менен тартып жатабыз. Бирок, жүктөп жатканда аябай этият болуп жатабыз. Себеби, арасынын кара курт чыгууда. Алардан сактануунун бирден бир эле жолу этият болуу экен. Кошунабыз чөптү түшүрүп жатканда кара курттарды тааптыр", — дейт Низамова.

Москва районундагы Петровка айылынын тургуну Осман Гочияев биринчи жолу кара куртту жазында кармап алганын айтты. 

© Фото / Мадина НизамоваТабылган кара курт
Ядовитые каракурты, пойманные жителем села Петровка - Sputnik Кыргызстан
Табылган кара курт

"Азыр алар аябай көбөйдү. Талаадан алып келген чөптүн түктөрүн мен этияттык менен карап жатам. Алты гектар жерден бир жумада эле коркунучтуу болгон 20дай куртту кармадык", — дейт Гочияев.

Ак-Жар жаңы конушунда чаян жашоочуларды чагып алууда
Ал коркунучтуу бул курттар деги эле кезикпегендигин, бирок, эки жылдан бери пайда болгонун укканын айтат.

"Биздин айылдагы бир баланы чагып алыптыр. Ал эки жума ооруканада жатып чыкты. Оор эле болду, анын кесепети дагы деле байкалат. Кээде ал бир кызыктай болуп калат", — деди ал.

Беловодское айлынын аймактык ооруканасынын директорунун орун басары Кенже Жамбурчиева кара курт чагып алган учурлар көп кездешип жатканын айтат.

"Чабык башталган маалда бизге жөргөмүш чагып алгандар кайрылууда. Былтыр үч учур катталган. Биз алгачкы гана жардамдарды бере алабыз, бирок кара куртка каршы дарылар бизде жок. Анан калса чындап эле ошол курт чакканын аныктоо кыйын", — дейт дарыгер.

Ал бул аймакта кара курт жакында эле пайда болгонун кошумчалады.

"Жаңылбасам 2-3 жылдан бери кара курт чакты деп кайрылгандар чыгып жатат. Буга чейин мен бул тууралуу уккан эмесмин", — дейт Жамбурчиева.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, №4 ооруканада түрдүү жандыктар чагып алды деп 30-35тей киши кайрылган. Ал эми быйыл жай айынан бери 10 учур катталган.

"Чаян, же кара курт чагып алгандар кайрылып жатышат", — деп министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Баджита, телодерма, чымчык жегич жөргөмүш — буларды Кыргызстандан көрдүңүз беле?
Улуттук илимдер академиясынын Экология, омурткасыз жаныбарлардын боюнча лабораториясынын кызматкери, энтомолог Дмитрий Милько табылган жөргөмүштөр чындап эле каракурт экенин лабораториялык анализден кийин так айтууга болорун маалымдады.

"Сүрөттөн карап туруп анын кара курт экенин айтуу кыйын. Кыргызстанда жөргөмүштөрдүн 600дөн ашык түрү бар. Буга чейин лабораторияга алынып келген 300 жөргөмүштүн бирөө гана кара курт экени аныкталган", — дейт Мелько.

Ал ошондой эле сырткы көрүнүшү кара куртка окшоштор аябай көп экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0