Интерпол издеген КР жараны Измирден кармалганда жоголгон 3 жашар бөбөк да табылды

© AFP / OZAN KOSEТүркия полиция кызматкери. Архив
Түркия полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция жүргүзгөн атайын операция учурунда Интерпол аркылуу издөөгө алынган эки жарандын үйүнөн жоголду деп изделип жаткан 3 жашар бала да табылган.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн кыргызстандык Түркиянын Измир шаарынан кармалганын haberler маалымат сайты билдирди. 

Полициянын атайын операциясы учурунда Интерпол аркылуу издөөгө алынган эки жарандын үйүнөн жоголду деп изделип жаткан 3 жашар бала да табылган.

Расмий интерпол сайтынын баракчасынан тартылып алган кадр. - Sputnik Кыргызстан
Интерполдун кылтагына илинген кыргызстандык кыз-келиндер
Түркиянын киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы 33 жаштагы Н.Ө.Д. аттуу жарандын изине түшкөн. Ал социалдык тармак аркылуу учак билеттерди башкалардын документтерин колдонуп сатып келген. 

Өткөн бейшемби күнү полиция атайын операция учурунда шектүү жаранды кармаган. Анын үйүнөн Л.Ж. аттуу жарандын атына жасалган жалган паспорт менен 33 жаштагы кыргызстандык У.З. атууу киши да кармалган. Шектүүлөрдү текшере келгенде кыргызстандык жарандын Интерпол аркылуу издөөгө алынганы, ал эми Н.Ө.Д. аттуу жаран болсо бала уурдоо боюнча түрк полициясы тарабынан издөөдө экени билинген.

Алар жашаган жерде жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 3 даана жасалма паспорт, 4 даана уюлдук телефон, 3 сим карта, 2 планшет, 1 компьютер, 3 банк картасы, чет элден берилген айдоочулук 2 күбөлүк чыккан. Андан тышкары жоголду деп издөөгө алынган 3 жашар бала да табылган.

Кармалган кыргызстандык жаран шаардын миграция башкармалыгына тапшырылса,.Ө.Д. аттуу жаран соттун чечими менен камакка алынды.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлердин тизмесин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0