"Тартуга" бассейнине түшүп кеткен 8 жашар бала 9 күндөн бери өзүнө келе элек

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүКуурчак. Архив
Куурчак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер баланын абалы өтө оор экенин белгилешүүдө.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. "Тартуга" эс алуу борборунун бассейнине түшүп кеткен бала али күнгө чейин өзүнө келе элек. Бул тууралуу Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова билдирди. 

Анын айтымында баланын абала өтө оор. 

"Бала бүгүнкү күнгө чейин өзүнө келе элек. Ошол үчүн операция жасай албай жатабыз", — деди Жанабилова. 

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы аталган окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын айтып, күбөлөр, эс алуу борборунун кызматкерлери сурак берип жатканын кошумчалады.

"Медициналык экспертизанын жыйынтыктары күтүлүүдө. Ал аркылуу окуяга юридикалык баа берилет", — деди Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан. 

Бассейнге тушүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте чөгүп бараткан баланы кантип сактап калышкандыгын күбө болгон аял айтып берди
Ал ортодо буга чейин жумушун токтоктон "Тартуга" эс алуу борбору жума күндөн тарта иштеп жатканын борбордон билдиришти. 

"Өткөн аптанын жума күнүнөн тарта кызмат көрсөтүүдөбүз. Куткаруучулар баарын көзөмөлдөп турушат", — деди борбордун кызматкери. 

10-июлда "Тартуга" эс алуу борборунун бассейнине сегиз жашар бала чөгүп кете жаздаган. Ал ооруканага эс учун жоготкон абалда жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0