Тамга айылында бак басып калган аялдын үй-бүлөсүнө 10 миң сом жардам берилди

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүРебенок с мужчиной. Архивное фото
Ребенок с мужчиной. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү кечинде Ысык-Көлдүн Тамга айылындагы аскер санаториясынан баласы менен жүргөн аялды бак басып калган. 1,5 жаштагы баласы аял коопсуз жерге түртүп жибергенге үлгүрүп, өзү каза болгон.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибаев бак басып каза болгон аялдын үй-бүлөсүнө 10 миң сом көлөмүндө материалдык жардам көрсөткөнүн өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Өкмөттүн өкүлү көңүл айтып, аялдын жакындарына резервдик фонддон материалдык жардам көрсөттү", — деп маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, дүйшөмбү күнү кечинде Ысык-Көлдүн Тамга айылындагы аскер санаториясынан бак баласы менен жүргөн аялды басып калган. 1,5 жаштагы баласы аял коопсуз жерге түртүп жибергенге үлгүрүп, өзү каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0