Сулайман-Тоодогу музей. Архив

Сулайман-Тоонун этегинен баланы карактап, шымын чечип кеткен бейбаш кармалды

323
(жаңыланган 09:57 21.07.2016)
Милиция кармалган бейбаш 19 жаштагы Кара-Суу районун жашоочусу болуп чыкканын билдирди.

БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Сулайман-Тоонун жанынан жашы жете элек баланын телефонун тартып алып, чолок шымын чечип кеткен бейбаш кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Окуя Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегинде кечки сегиздерге чукул болгон. Милицияга жабырланган баланын агасы арыз менен кайрылган. Ыкчам-издөө иштеринен улам, ал бейбаш табылды", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Кармалган бала 19 жаштагы Кара-Суу районун жашоочусу болуп чыккан.

Аталган факты боюнча Кылмыш Кодексинин 167-беренесинин негизинде иш козголгон.

323
Белгилер:
Сулайман тоо, телефон, шым, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Жалал-Абадда ичимдиктин айынан классташын өлтүргөн жаран камакка алынды
Башында казак жигит турган каракчылардын тобу кылтакка илинди