Бишкектен чыккан автобус Казакстанда жол кырсыгына кабылды

Жазылуу
Автобустун салонунда 55 жүргүнчү болгон. Тажикстандын жараны жаракат алды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкектен Россиянын Пермь шаарына бара жаткан автобус Казакстанда жолдон кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Казакстандын Акмоло облусунун Ички иштер департаментинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-июлда Есиль райондук милициясына жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге полиция кызматкерлери жетип барып, 29 жаштагы кыргыз жараны башкарган автобус Есиль — Сурган унаа жолунун 252-чакырымында жол жээгиндеги аңга оодарылып калганын тастыкташкан.

Ооруканадагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда кырсыктап каза болгон кыргыздардын бирөө 19, экинчиси 30 жашта болуп чыкты
Автобустун салонунда 55 жүргүнчү жана эки айдоочу болгон.

Жол кырсыктан ооруканага Тажикстандын жараны жаткырылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Казакстандын Ички иштер департаменти салондо канча кыргызстандык жаран болгондугун тактап берүүгө убада берди. Факты боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Ал эми Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0