Кара-Сууда 35 жаштагы киши Ак-Буурага агып каза болду

© Sputnik / Алексей Бушкин / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анын денесин куткаруучулар болжол менен 2 сааттан кийин тапкан.

БИШКЕК, 22-июл.— Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочусу кеч бешимде Ак-Буура дарыясына түшүп кетип каза болду деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Анын денесин куткаруучулар болжол менен 2 сааттан кийин тапкан.

"Учар айылынын 35 жаштагы тургуну саат 17:45 чамасында Ак-Буура суусуна агып кеткен. Аны ӨКМдин куткаруучулары саат кечки сегиздер чамасында таап чыгышты",— деп билдирди ӨКМ.

Куткаруучулар анын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

 

Жаңылыктар түрмөгү
0