Ала-Арча капчыгайындагы сууга түшүп кеткендер беш күндөн бери табыла элек

© Sputnik / Геннадий ЗакировАла-Арча. Архив
Ала-Арча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен эки кишинин бирөө Алай районунун 35 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Бишкек шаарынын 40 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткендер беш күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Эске сала кетсек, 18-июлда эки киши аталган сууга агып кеткен. Аларды издөө иштери жүргөнү менен бүгүнкү күнгө чейин табылган эмес.

Ала-Арча капчыгайындагы сууга агып кеткен эки кишинин бирөө Алай районунун 35 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Бишкек шаарынын 40 жаштагы жашоочусу экендиги аныкталган. Издөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0