Нарын шаарына кире бериш жерге таш кулап, жол эки тараптуу жабылды

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүЖабылган жол. Архив
Жабылган жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга ылайык, мөндүр аралаш жааган жамгырдан улам сел суулары түшүп, таш кулаган.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мөндүр аралаш катуу жаандан улам Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Нарынга кире бериш жерде таш кулап, жол эки тараптан убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Борбор калаанын дал борборунда жайгашкан Тарых музейинде чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Тарых музейи өрттөнүп жатат
Маалыматка ылайык, шаардагы Шералиев көчөсүндөгү 3-4 үйдүн короосуна суу кирген. №16 Аскерлештирилген Өрткө каршы бөлүктүн куткаруучулары чыгып кетти.

Сел сууларын сордуруу иш чаралары аткарылууда. 

Окуя болгон жерде ӨКМдин облустук башкармалыгынын тийиштүү кызматтары иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0