Ак кол кап кийип, бет кап тагынган 15ке чукул киши өрт чыккан музейге кирип кетти

© Sputnik / Актан ТемиркановТарых музейинде өрт болгон жайда ӨКМ жана милиция кызматкерлери.
Тарых музейинде өрт болгон жайда ӨКМ жана милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол кап кийип жана бет кап тагынган 15ге чукул адамдар имараттын ичине кирип кетишти.

БИШКЕК, 23-июл — Sputnik. Маданият министри Алтынбек Максутов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов өрт болгон Тарых музейине келишти деп билдирди Sputnik Кыргызстандын кабарчысы окуя болгон жерден.

© Sputnik / Актан ТемиркановМаданият министри Алтынбек Максутов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов өрт болгон Тарых музейине келишти.
Маданият министри Алтынбек Максутов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов өрт болгон Тарых музейине келишти. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Маданият министри Алтынбек Максутов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов өрт болгон Тарых музейине келишти.
© Sputnik / Актан ТемиркановАткаминерлер түтөп жаткан жерлерди карап чыгышты.
Аткаминерлер түтөп жаткан жерлерди карап чыгышты. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аткаминерлер түтөп жаткан жерлерди карап чыгышты.
© Sputnik / Актан ТемиркановАндан соң Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратына кирип кетишти, бир катар маалыматтарга караганда ал жерде бул окуя боюнча ыкчам штаб уюштурулган.
Андан соң Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратына кирип кетишти, бир катар маалыматтарга караганда ал жерде бул окуя боюнча ыкчам штаб уюштурулган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Андан соң Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратына кирип кетишти, бир катар маалыматтарга караганда ал жерде бул окуя боюнча ыкчам штаб уюштурулган.
1/3
Маданият министри Алтынбек Максутов жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов өрт болгон Тарых музейине келишти.
2/3
Аткаминерлер түтөп жаткан жерлерди карап чыгышты.
3/3
Андан соң Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратына кирип кетишти, бир катар маалыматтарга караганда ал жерде бул окуя боюнча ыкчам штаб уюштурулган.

Анын айтымында, аткаминерлер түтөп жаткан жерлерди карап чыгышты. Андан соң Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын имаратына кирип кетишти, бир катар маалыматтарга караганда ал жерде бул окуя боюнча ыкчам штаб уюштурулган.

"Акыркы маалыматтар боюнча ачык күйгөн өрт жок, бирок, түтөп жатат. Баалуу экспонаттарга зыян келген жок деп ишенип турабыз", — деди Ибраимов.

Кабарчыбыздын маалыматына караганда, алгач музейдин имаратынан уюлгуган кара түтүн чыгып жаткан, бир аздан кийин ал сээлдей баштады.

Имараттын ичине аскер формасындагы эмес, жай жарандарча кийинген ак кол кап жана бет капчан 15ге чукул адамдар кирип кетишти. Учурда музейди милиция кайтарып, өрт өчүрүүчү кызматтын 5 унаасы иштеп жатат. Тилсиз жоону токтотуу улантылууда.

Ак Үйдүн капталында жайгашкан Тарых музейинде өрт чыкты - Sputnik Кыргызстан
Иске ууланган куткаруучу, тез жардам жана милиция. Тарых музейинде чыккан өрт
ӨКМ буга чейин өрттүн кампадан чыкты деген божомолун жана жабыр тарткандар жок маалыматын билдирген.

Тилсиз жоо тууралуу кабар "101" кызматына түнкү саат 10дөн өткөндөн кийин келип түшкөн. 

Мамлекеттик тарых музейи 25-марттан тарта оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабынын алкагында жабылган болучу. Ал эми анын экинчи этабы Эгемендүүлүк күнү — 31 августка карата бүтүп калышы керек эле.

Мындан бир нече күн мурда тагыраагы, 14-июлда да музейдин чатырындагы 20 чарчы метр айнеккебез өрттөнгөн. Анын ширетүү иштеринде өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушунан улам болгондугу кабарланган.

Өрт чыккан Тарых музейиндеги кадрларды Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0