Кыргызстанда жер титиреди

© AFP / LUIS RUEDAСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүнүн эпицентри Кыргызстандын аймагында, Алай тоолорунда жайгашкан. Эл жашаган жерлерле анын күчү 3 баллга жетти.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жекшембинин кечинде саат 18:54 чамасында эпицентринде күчү үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Алай районунун Гүлчө айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алай районунда үчүнчү ирет жер титиреп, күчү 5,5 балга жетти
Сейсмология институтунун алдын ала берген маалыматтарына караганда, силикинүү очогу Кыргызстандын аймагында, Алай тоолорунан ары Бар-Дөбө айылынан чыгышты карай 10 чакырым, ал эми Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 22 чакырым, Сары-Таштан түштүк-чыгышты карай 25, ал эми Нура айылынан түштүк-батышты карай 45 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын эл жашаган жайларында, Бар-Дөбөдө 3 баллды, Кара-Киндикте 2 баллга жетти.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0