Суучул издөө иштери учурунда. Архив

Унаасы менен кошо сууга түшүп кеткен 18 жаштагы бала изделүүдө

101
(жаңыланган 10:33 25.07.2016)
Кырсыктан каза болгон дагы бир жүргүнчүнүн денеси табылып, туугандарына берилген.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда жол кырсыгы катталып, Audi-100 үлгүсүндөгү унаа сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июль күнү аталган кан жолдун 258-чакырымында Toyota ВЕЕТ унаасы менен Audi-100 үлгүсүндөгү машина кагышкан. Мындан улам Audi-100 сууга түшүп, ичиндеги 22 жана 18 жаштагы эки жүргүнчү чөгүп кеткен.

Ошол эле күнү 22 жаштагы Мунарбек кызы Айжандын жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Ал эми 18 жаштагы Асан уулу Кубанычбекти издөө иштери улантылууда.

101
Белгилер:
Суу, унаа, кырсык
Тема боюнча
Ысык-Көлдө мас киши скутер менен эс алуучуларды аралап кеткен
Ала-Арча капчыгайындагы сууга түшүп кеткендер беш күндөн бери табыла элек
Пикирлер