Нарын дарыясы. Архив

ГЭС-5 көлмөсү менен Нарын дарыясы эки кишинин өмүрүн алды

109
(жаңыланган 10:45 25.07.2016)
Каза болгондордун бири табылса, экинчиси ушу кезге чейин изделип жатат.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бир күндүн ичинде эки адам сууга чөгүп, анын бирөөсүнүн денеси табылбай жаткандыгын ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-июль күнү Аламүдүн районунда ГЭС-5 "Вода-2" суу сактагычына Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Байгончок айылынын 45 жаштагы тургуну чөгүп кеткен. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, жарандын денесин суудан алып чыгышкан.

Ошол эле күнү 7.30 чамасында Өзбекстан менен чектешкен жердеги Нарын дарыясына 65 жаштагы жаран чөгүп кеткен. Куткаруучулар издөө иштерин ушу кезге чейин улантып жатышат.

109
Белгилер:
куткаруу, сууга чөгүү, Суу, дарыя
Тема боюнча
Кара-Сууда 35 жаштагы киши Ак-Буурага агып каза болду
Унаасы менен кошо сууга түшүп кеткен 18 жаштагы бала изделүүдө
Пикирлер