Арча-Бешик жаңы конушунда бустун ичине жаран асынып калган

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тез жардам кызматы окуя болгон жерге келгени менен маркумду сактап калууга кеч болуп калган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда маршрутканын ичине 37 жаштагы жаран асынып калганын Тез жардам кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу билдирүү түнкү саат 11:26да келип түшкөн. Кырсык автоунаа токтоп турган учурда болгон.

"Кайра жандандыруу бригадасы барганда жарандын көз жумганы белгилүү болгон. Маркум 37 жашта экени аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Тез жардам кызматына бир суткада 618 кайрылуу болгон. Анын 453үнө жеринде жардам берилип, 114 киши ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0