Базар-Коргондо шамалдан улам бак сынып бир аялды басып калды

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан турак үйдүн бир тарабы жана тамдын жанындагы кичинекей үй жабыркаган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл аймагында жаңгак багы кулап, андан бир аял каза болгонун ӨКМ билдирди.

Ийилген дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бак-дарактардан абайла. Бишкектеги эң коркунучтуу 13 жер
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 28-июль күнү саат 8.00дө болгон. Катуу шамалдын айынан өзөгү чирип калган жаңгак багы кулап, турак үйдүн бир жагын жана там алдындагы кичинекей үйдү басып калган. Дарак үйдүн алдында жүргөн 53 жаштагы аялга да тийип, маркум ошол эле жерден көз жумган.

Учурда райондук жана жарандык коргонуу комиссия мүчөлөрү, Кыргызгидрометтин адиси кырсык болгон жерде иш алып барууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0