БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. "Тартуга" эс алуу борборунун бассейнине түшүп кеткен сегиз жашар бала каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек ШИИБден билдирди.
Эскерте кетсек, кырсык 10-июль күнү болгон.
"Жеткинчек бүгүн, 28-июлда көз жумду. Ата-энеси "Тартуга" эс алуу борборуна доосу жок экенин айтып арыз жазышты. Андыктан окуя боюнча кылмыш иши козголор-козголбосу чечиле элек", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин 25-июлда аталган борбордун 38 жаштагы кызматкери бассейнге суу толтуруп жаткан учурда каза болгон.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.
БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевди жана шаар бийлигинин башка тийиштүү өкүлдөрүн кызматтан алуу тууралуу сунушун президентке жолдомой болду. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Буга Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин бүгүн, 19-январдагы, Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынына тоготпостук мамиле кылып, келбей койгону себеп болгону айтылды.
Маалыматка ылайык, бүгүн комитетте курулуштагы көйгөйлөр жана курулуш үчүн документтерди берүү процедураларын оптималдаштыруу боюнча маселе каралмак жана суроолордун көпчүлүгү шаар бийлигинин өкүлдөрүнө берилмек. Жыйынга мэриянын бир да өкүлү келбегени депутаттарды нааразы кылган.
“Ушуну менен мэрия Жогорку Кеңештин жыйынын этибарга албай, экинчи жолу келген жок. Эгер мындай болсо мэрия боюнча биз да чечим чыгарып берели. Бишкек архитектурасын Мамлекеттик курулуш агенттигине өткөрүп берүү тууралуу Өкмөттүн токтому чыккан. Токтомду да мэрия аткарбай кечеңдетип жатат”, — деди депутат Тынчтыкбек Конушбаев.
Бул пикирди колдогон эл өкүлү Кубанычбек Жумалиев мэрди жана маселеге тийиштүү жетекчилерди кызматынан алуу тууралуу кат жазып, президентке жөнөтүү сунушун берди.
Ал эми Рыскелди Момбеков курулуш тармагындагы бардык коррупциялык схемалар мэрияда орун алып жатканын сынга алды.
“Мыйзам боюнча мэрди чакырганга биздин укугубуз бар. Мынакей буга чейин Бишкектин төрт мэри отуруп чыкты. Анткени курулуш тармагы боюнча коррупция беренеси менен көпчүлүгү абакта жатат. Бишкектин мурунку башкы архитектору коррупция менен кармалып, жакында чыкты. Ар бир үчүнчү кылмыш мэрияда болот. Комитет ушундай коррупцияны демонтаж кылайын деп жатса, мэр өзү келбегени чыныгы саботаж. Ал аз келгенсип, бир да өкүлүн жөнөткөн жок”, — деди Момбеков.
Жыйын соңунда тармактык комитеттин депутаттары курулуш боюнча маселени сессияга алып чыгып кеңири кароо жана шаар бийлигине чара көрүү чечимин кабыл алды.