Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы унаа жардыруулар жана чуулуу жол кырсыктары

© Фото / из архива МВД КРМедет Садыркулов каза болгон унаа. Архив
Медет Садыркулов каза болгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул окуяларды барактап жатып, жол кырсыгынан кыргыздын бычака сап жигиттери көз жумгандыгына күбө болдук. Алар кимдер экенин төмөнкү материалдан окуңуздар.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Орто-Сай айылында Lexus LS-460 үлгүсүндөгү унаа жарылып, окуядан прокуратура кызматкери жабыркады.

© Фото / предоставлено МВДБүгүн эртең менен Орто-Сай айылында Lexus LS-460 үлгүсүндөгү унаа жарылып, окуядан прокуратура кызматкери жабыркады
Бүгүн эртең менен Орто-Сай айылында Lexus LS-460 үлгүсүндөгү унаа жарылып, окуядан прокуратура кызматкери жабыркады - Sputnik Кыргызстан
1/3
Бүгүн эртең менен Орто-Сай айылында Lexus LS-460 үлгүсүндөгү унаа жарылып, окуядан прокуратура кызматкери жабыркады
© Фото / предоставлено МВДДарыгерлердин айтымында жарылуудан прокурор кызматкеринин колун жулуп кеткен
Дарыгерлердин айтымында жарылуудан прокурор кызматкеринин колун жулуп кеткен - Sputnik Кыргызстан
2/3
Дарыгерлердин айтымында жарылуудан прокурор кызматкеринин колун жулуп кеткен
© Фото / предоставлено МВДОшондой эле, көзүнөн жабыркаган. Учурда анын абалы оор бойдон калууда.
Ошондой эле, көзүнөн жабыркаган. Учурда анын абалы оор бойдон калууда. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ошондой эле, көзүнөн жабыркаган. Учурда анын абалы оор бойдон калууда.
1/3
Бүгүн эртең менен Орто-Сай айылында Lexus LS-460 үлгүсүндөгү унаа жарылып, окуядан прокуратура кызматкери жабыркады
2/3
Дарыгерлердин айтымында жарылуудан прокурор кызматкеринин колун жулуп кеткен
3/3
Ошондой эле, көзүнөн жабыркаган. Учурда анын абалы оор бойдон калууда.

Дарыгерлердин айтымында жарылуудан прокурор кызматкеринин колун жулуп кеткен. Ошондой эле, көзүнөн жабыркаган. Учурда анын абалы оор бойдон калууда. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин жол кырсыганан же унаасы жарылуудан каза болгондорду эстеп көрүүнү эп көрдү. 

Насирдин Исанов

Сотрудники правоохранительных органов у взорвавшейся машины работника прокуратуры в селе Орто-Сай - Sputnik Кыргызстан
Унаасы жарылган прокурор боюнча кылмыш иши козголду
1990-жылы президенттикке ат салышып, Аскар Акаевге утулуп калган Насирдин Исанов 1991-жылдын 21-январында эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй эле, премьер-министрдин "Волга" унаасы Ош — Жалал-Абад унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, каза болуптур деген суук кабар тараган. Тергөөнүн расмий берген маалымат боюнча Исанов бара жаткан унааны ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы коюп кеткен. Окуядан бир гана Насирдин Исановдун каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан. 

Анарбек Бакаев

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча министри Анарбек Бакаев бара жаткан Volkswagen Passat кызматтык унаасы "Манас" аэропортунун жолунда жол кырсыкка кабылган. Анда да министрдин унаасын ЗИЛ жүк ташуучу машина келип сүзгөн. Окуядан көп өтпөй ЗИЛдин айдоочусу мас абалында болгондугу айтылган. Москвадагы дарыгерлердин жардамы менен да жол кырсыгынан жаракат алган Анарбек Бакаевди сактап калууга мүмкүн болгон эмес. 

Медет Садыркулов

Девушка держит плакат во время молитвы в память погибшим теракта в Ницце - Sputnik Кыргызстан
Аалам акылынан айныганда. Акыркы эки жумадагы киши өлтүрүүлөр жана терактылар
Курманбек Бакиевдин заманы болуп турганда бир канча бычакка сап жигиттер бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Алардын бири президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов. Ошол кездеги бийликтин тараткан маалыматына ылайык, 2009-жылдын 13-мартында Audi-100 үлгүсүндөгү машина менен Lexus жол тандабасы кагышып, окуядан Медет Садыркулов каза болгон. Ал эми тирүү калган Audi-100 машинасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов камакка алынган. Апрель окуясынан кийин иш кайрадан козголуп, Медет Садыркуловдун атайын өлтүрүлгөнү айтылган. Кийинки тергөөнүн жыйынтыгы менен бир канча мамлекеттик кызматкерлер эркиндигинен ажыратылган. Ал эми Өмүрбек Осмонов 2010-жылдын 21-апрелинде киши колдуу болгон. 

Руслан Абасов

2014-жылдын 27-мартында Токмок шаарында белгилүү кикбоксер Руслан Абасовдун унаасы жарылып, спортчу ооруканага жетпей каза болгон. ИИМден берген маалыматына ылайык, тергөө амалдары аяктап, иш сотко өткөрүлгөн. 

Абасов кикбоксингдин WBKF версиясы боюнча 2005-жылы дүйнө чемпиону атыккан. Мындан сырткары WAKO версиясы боюнча эки жолку дүйнө чемпиону, WAKO-PRO версиясы боюнча Европа чемпиону болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0