Баткендин Зардалы айылына барчу көпүрөнү сел алып кетти

© Фото / Улан МаккамбаевЗардалы дарыясы. Архив
Зардалы дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда айыл тургундары байланышсыз калганын айыл тургундары маалымдоодо.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Баткен районунун борборунан 100 чакырымдай алыстагы тоо койнунда жайгашкан Зардалы айылына баруучу көпүрөнү сел алып, айылга болгон каттам үзүлгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине айылдын тургуну Акылбек Дилшатов билдирди.

Маалыматка ылайык, Зардалы айылын аралап өткөн Кожо дарыясы ташкындап, ашар жолу менен салынган "Жөө пая" учаскасындагы көпүрөнү алып кеткен. 

Учурда 500төн ашуун айыл тургуну жана "Коргон" чек ара тозотунун аскерлери байланышсыз калганын Дилшатов кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0