Баткендин бир топ айылдарында катуу сел жүрдү

© Фото / пресс-служба МЧС КРСел кесепеттери. Архив
Сел кесепеттери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынбай жааган жаандан улам пайда болгон сел турак-жайларды каптап, унаа жолдорун жууп кетти.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Баткен облусунун бир канча райондорунда катуу жаандан улам сел жүргөнүн ӨКМ билдирди. 

Ош облусунун Ноокат районундагы Каареке айылында кулаган 32 түп терек - Sputnik Кыргызстан
Ноокатта 32 түп терек кулап, сарайды басып калды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 30-июль күнү Лейлек районунун Чимген, Самат, Ак-Суу, Коргон, Бешкент, Кайрагач айылдарында, Сүлүктү, Кызыл-Кыя шаарларында жана Кадамжай районунун бир катар кыштактарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, турак-жайларды каптап, унаа жолдорун жууп кеткен. 

ӨКМнын аталган аймактардагы башкармалыктары маселени чечүү үчүн атайын техникаларды тартып, учурда жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0