Сирияга кетүүгө камынган 20 жаштагы жигит Оштун аэропортунан кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүОш аэропорту. Архив
Ош аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Россия аркылуу Түркияга барып, андан ары Сирияга өтүүнү ниеттенип жатканын моюнга алган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Сирияга кетүүгө камынган жаран Оштун аэропортунан кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, ал Ош — Санкт-Петербург каттамы аркылуу Россияга учууга аракет кылган. 

Алдын ала жүргүзүлгөн суракка ылайык, Лейлек районунун 20 жаштагы тургуну Россия аркылуу Түркияга өтүп, андан ары Сирияга барууга ниеттенип жатканын моюнга алган. 

Тиешелүү документтер толтурулган соң, кармалган жаран ИИМге өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0