WhatsApp: Бишкекте жол тандабас менен жеңил унаа кагышып, экинчиси ала салып кетти

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкек шаарындагы Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жол кырсыгы
Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишиндеги жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге Кайгуул милициясы келгенин окуяга күбө болгон окурман кошумчалады.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Түштүк магистраль менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде саат кечки 10дор чамасында жол кырсыгы катталганын окурман WhatsApp аркылуу билдирди. 

Маалыматка ылайык, Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жол тандабас менен Mazda Demio жеңил автоунаасы кагышкан. Анын кесепетинен Mazda автоунаасы ала салып кеткен.

"Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү жол тандабас кайрылып жаткан болчу. Кагышкандан кийин Mazda Demio унаасы ала салып, жол четине чыгып калды. Жол кырсыгынан каза болгондор жок", — деп окуяга күбө болгон окурман маалымдады.

Ал ошондой эле кырсык болгон жерге Кайгуул милициясы келгенин кошумчалады.

Эгер кандайдыр бир өзгөчө окуяга же жаңылыкка күбө болсоңуз WhatsApp-каналга +996 706 566 544 номери боюнча кабарласаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0