Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан бир казакстандык аял каза болду

Жазылуу
Учурда анын жолдошу оор абалда ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдөгү жол кырсыгынан казакстандык жаран каза болду. Бул тууралуу Новости-Казахстан агенттиги өлкөнүн тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди. 

Каза болгон аял 70 жашта болгон. Ал эми анын күйөөсү оор абалда ооруканага жеткирилген. 

Алдын ала маалыматтар боюнча булардан сырткары дагы бир казак жаран оор абалда ооруканада жатат.

Кырсык боюнча туугандарына маалымат берилди. Учурда консулдардын көмөгү менен керектүү жардамдар берилүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0