Бишкектеги дүкөндөн тапапча менен бычак уурдоого аракет кылган 16 жашта жаран кармалды

Жазылуу
Коопсуздук коңгуроосу болору менен милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, жашы жете элек жаранды кармаган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. ИИМдин атайылаштырылган мамлекеттик коргоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Военторг" дүкөнүнөн тапанча, бычак жана телефон уурдоого аракет кылгандарды кармаганын башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 1-августта көзөмөлдөө пультуна дүкөнгө бирөөлөр киргени боюнча билдирүү келип түшкөн. Ыкчам аракет көрүү тобу окуя болгон жерге чыгышкан. Алар дүкөндүн ичинде бирөөлөр жүргөнүн көрүп, аларды кармашкан.

Колго түшкөн жаран 16 жаштагы Баткен облусунун тургуну экени аныкталган. Тергөө малдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0