Ошто эки наристе каза болду. Бирөө сууга акса, экинчиси бийиктиктен кулаган

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаалары. Архив
Тез жардам автоунаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Ош шаарында 3-август күнү эки жана бир жаштагы балдар каза болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 3-августта саат 12лер чамасында шаардагы Кулматов көчөсүнүн эки жаштагы тургуну үйүнүн жанында ойноп жатып "Увам" каналына түшүп кеткен. Анын сөөгүн туугандары табышкан.

"Сууга түшүү сезону башталгандан бери акыркы окуяны кошкондо жашы жетелек балдардын жетинчиси каза болууда. Ал эми сууга агып каза болгон чоң кишилер ондон ашты", — деп айтылат Ош шаардык милициясы тараткан билдирүүдө.

Водолаздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чычкан суусуна унаасы менен кулап кеткен баланын сөөгү эки жумадан кийин табылды
Ошол эле күнүн 16.30 чамасында Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнүн Кайырма айылында бир жаштагы бала тепкичтен жыгылып каза болгон. 

Эки факт боюнча тең иликтөө иштери жүрүп жатат.

Шаардык милиция алдын ала айтылган эскертүүлөр, жолугушууларга карабастан, ата-энелердин шалаакылыгынан жана өспүрүмдөрдүн коопсуздук чараларын сактабагандыгынан сууга чөгүп кеткен учурлар көп катталып жатканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0