Жардамчы. Архив

Үйдүн 9-кабатындагы терезенин текчесине отуруп алган бала куткарылды

214
(жаңыланган 11:32 08.08.2016)
Беш жаштагы наристе ата-энесине өткөрүп берилди. Анын акыбалы жакшы.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунда 7-август күнү көп кабаттуу үйдүн терезесинин текчесине отуруп алган бала куткарылгандыгы тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Окуя 12-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

"Беш жаштагы 9-кабаттагы батирдин терезесинин текчесине отуруп алган. Куткаруучулар үйдүн чатырынан түшүп, баланы ата-энесине өткөрүп беришти", — деп айтылат маалыматта. 

Учурда баланын акыбалы жакшы. 

214
Белгилер:
терезе, батир, куткаруу, ӨКМ
Тема боюнча
Бишкектик тургун өмүрүн сактап калган таксистти издөөдө
Москвадагы кыргыздардын үйлөнүү тоюнда кудалар орун талашып атыша кетишти
Кеминде 67 жашар апасын сабады делген бала кармалды
Пикирлер